Бишкектеги ШКУ саммити: өлкө лидерлери кандай документтерге кол коюшту — тизме

01.09.2026 | 13:14
Бишкектеги ШКУ саммити: өлкө лидерлери кандай документтерге кол коюшту — тизме — Новости Кыргызстана

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин жыйынтыгында мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюшту.

Саммит 1-сентябрда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында «Ырыс Ордо» конгресс-холлунда өтүүдө. Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары, ошондой эле чакырылган өлкөлөрдүн жетекчилери катышууда.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма беш жылдыгы боюнча Бишкек декларациясы;
  2. 2002-жылдын 7-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;
  3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борбор жөнүндө жобо;
  4. Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борборунун Аткаруу комитети жөнүндө жобо;
  5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейин баңгиликке каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүү программасы;
  6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилге синтетикалык баңгизаттардын жана алардын прекурсорлорунун жайылышына каршы күрөшүүдөгү чараларды координациялоо боюнча программасы;
  7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2026–2028-жылдарга эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү планы;
  8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу башкаруу боюнча демилгеси;
  9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу башкаруу боюнча 2026–2031-жылдарга биргелешкен аракеттер планы;
  10. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2026–2030-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмунун «Жашыл технологиялык коридорун» калыптандыруу боюнча кызматташтык программасы (илимий-технологиялык кызматташтык);
  11. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин портторун жана логистикалык борборлорун өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга аракеттер планы (жол картасы);
  12. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында маалыматтарды иштеп чыгуунун регионалдык борборлорун, эсептөө кубаттуулуктарын түзүү жана жасалма интеллект индустриясын өнүктүрүү концепциясы;
  13. Шанхай кызматташтык уюмунун Секретариаты менен Африка бирлигинин Комиссиясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;
  14. Шанхай кызматташтык уюмунун ишин котормо менен камсыздоо жөнүндө чечим;
  15. Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарын 2026–2027-жылдарда Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим;
  16. «Шанхай кызматташтык уюмунун ак ниет элчиси» ардактуу наамы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим;
  17. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечимдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим;
  18. Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету;
  19. Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Кеңешинин Регионалдык антитеррористтик түзүмдүн 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету;
  20. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин ядролук коопсуздук жана физикалык ядролук коопсуздук үчүн көп тараптуу өнөктөштүктү чыңдоо боюнча декларациясы;
  21. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин энергияны үнөмдөө жана энергия натыйжалуулугу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;
  22. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин энергетикалык системалар чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;
  23. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин үй-бүлө институтун колдоо жана чыңдоо жөнүндө билдирүүсү;
  24. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккен мамлекеттерге жардам көрсөтүү жөнүндө билдирүүсү.

Мындан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында дагы төрт документке кол коюлду:

  1. 2010-жылдын 11-июнундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда жасалма интеллект чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум;
  4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу ведомстволорунун ортосунда маалыматтык чөйрөдө өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум.
Scroll to Top