Ак-Талаада мечит стационар катары колдонууга берилди

Ак-Талаада мечит стационар катары колдонууга берилди

Ак-Талаада мечиттин имараты жарандарды кабыл кылуучу күндүзгү стационар катары берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы борбордук мечиттин балдар окуй турган корпусу учурдагы кырдаалга байланыштуу ооруп жаткан жарандарды кабыл алуу үчүн күндүзгү стационар катары пайдаланууга берилди.

Ак-Талаарайонунун администрациясынын акиминин орун басары Кенжегул Карагулова менен жолугушуу өткөрүлүп, анын жыйынтыгында Баетов айылындагы борбордук «Ак-Талаа» мечиттин медресеге деп салынган корпусун күндүзгү дарылануучу жайга колдонууга берилген.

«Жергиликтүү бийлик тарабынан сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кудай буюрса эртеңден баштап мечиттин окуу окуу корпусу күндүзгү стационар катары иштеп баштайт. Бул жака бир дарыгер жана медайымдар бөлүнө турган болду. Күн сайын эртең мененки 9:00дөн кечки 18:00гө чейин келип дарыгерлерден кеп-кеңеш алып, капельница койдуруп , эмдөө алышса болот. Ошондой эле дарыкана ачуу дагы пландалууда»,- деп айтылат маалыматта.

[su_image_carousel source=»media: 34238,34239″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>