«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
Улуттук банк: Алтын куймалары жок калды
08.07.2020 | 16:18
Беш, он жана 31 грамм салмактагы алтын куймаларын сатуудан алынып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк бүгүн, 8-июлда билдиргенин «Акчабар» финансылык порталы жазды.
Улуттук банк мунун себебин суроо-талаптын жогору болушу менен түшүндүрдү. Кайрадан ушул жылдын экинчи жарымында запастар толукталгандан кийин гана сатыкка чыгарылат.
«Азыркы учурда Улуттук банктын ченелген куймалары калк арасында абдан популярдуу, айрыкча 5, 10 жана 31 грамм салмактагы орто өлчөмдөгү куймалар. Ал эми сатып алуу механизми алтынды дагы эле издөөгө альтернатива болуп калды жана тазаланган куймаларга жогорку өтүмдүүлүктү камсыз кылды», – деп белгиледи Улуттук банк.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика