Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чек арадагы “Ак-Жол” пункту кечкиге чейин жабылат
01.09.2022 | 11:43
Бүгүн, 1-сентябрда “Ак-Жол – унаа жолу” өткөрүү пунктунда саат 15:00дөн 18:00гө чейин унааларды жана адамдарды өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, өткөрүү пунктунун иши Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу токтотулат.
“Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт”, – деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинен өтүүдө каттамды алдын ала тандап алууга чакырат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом