Жанар Акаев депутат Жамгырчиевге аңдуу болуп жатканын айтты

Жанар Акаев депутат Жамгырчиевге аңдуу болуп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин чет өлкөгө чыгарылбай, кармалганын Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш бергени менен байланыштырабыз. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Альянс» фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал «Альянс» фракциясынын мүчөлөрү, депутаттар Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болуп, ал Казакстанга кете албай калганын айтты.

«Кыргызстандан Казакстанга өтүп жаткан жеринен депутат Эмил Жамгырчиевди мыйзам, Конституцияны бузуу менен күч органдары кармап, Бишкек шаарына жеткирген. Анын чет өлкөгө чыгууга болгон укугу бузулду. Жогорку Кеңештин депутатын күч органдары кармап, «ал жакка баспа, бул жакка басасың» деп кылганы туура эмес. Биз аны Эмил Жамгырчиев Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш бергени менен байланыштырабыз», — деди ал.

Ошондой эле, Акаев буга чейин Эмил Жамгырчиевге колгозуп, сот тарабынан актоо чечими чыккан ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатканын билдирди.

«Райондук, шаардык жана Жогорку соттон актоо чечими чыккан. Ага карабастан ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатат. Эмил Жамгырчиевдин унаасынан, үйүнөн үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылды. Урматтуу депутаттар, депутат «макул» же «каршы» деп добуш бергени үчүн жооп бербейт. Бул Конституцияда, регламентте да так жазылган. Ошондуктан күч органдарынын жетекчилери болуп өткөн окуя тууралуу мага жана Жогорку Кенештин төрагасына так жана толук маалыматты бүгүндөн кечиктирбестен берет деген ишеничтемин», — деди ал.

Акаевдин сөзүнө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев жооп берип, тиешелүү органдардын жетекчилеринен оозеки түшүндүрмө алганын билдирди.

«Эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, болгону кылмыш иштери бар, ошонун негизинде сурадык. Эч кандай кармоо болгон жок, биз да мыйзамды сактайбыз» деп айтышты», — деди төрага.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

2020-жылы октябрь айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Эмил Жамгырчиев менен өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов бизнесменден аткезчилик иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн пара алууга шектелип кармалышкан. Былтыр февраль айында ал мамлекетке 20 млн сом төккөнү кабарланган. Кийинчерээк райондук соту аны актоо чечимин чыгарган.

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>