Акча бербегени үчүн сабаган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Акча бербегени үчүн сабаган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Токтогулда опузалап акча талап кылууга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалымка ылайык, 8-январь күнү милицияга 28 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 2022-жылдын 31-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Токтогул шаарынын борбордук базарындагы дүкөнүнө 25-30 жаштагы бейтааныш адам келип, коркутуп, опузалап 5 миң сом акча талап кылган. «Бербесеӊ, башкача сүйлөшөбүз» – деп коркутуп, кетип калган. Андан кийин, 8-январь күнү саат 15:00 чамасында унаасы менен кетип бара жатканда, аталган жаран жана башка эки бейтааныш киши «Хонда Фит» унаасы менен келип токтотуп, автоунаасына салып кетишкен. Токтогул районундагы каналдын жанына алып барып, «31-декабрда эмнеге 5 миң сом акча берген жоксуң», – деп уят сөздөр менен сөгүп, уруп-тепкилеген.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 208-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун денесинен алган жарааттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

9-январь күнү окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Токтогул районунун 27 жаштагы М.Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ошондой эле Токтогул районунун тургуну 27 жаштагы А.Н. аттуу жашоочусу кармалып, тергөөгө алынып келген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>