Москвада кыргызстандык таксисттин өлтүрүлүшү: Жаңы жагдайлар

Москвада кыргызстандык таксисттин өлтүрүлүшү: Жаңы жагдайлар

Москва шаарынын батышында кыргызстандык таксистти өлтүрүүгө шектүү деп 2022-жылдын 22-ноябрында кармалган жарандын башка дагы кылмышка тишеси бар экени аныкталды. Бул тууралуу Москва шаарынын тергөө комитети билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Москва шаарынын Эльнинская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунан такси унаасынын ичинен 1972-жылы туулган айдоочунун жансыз денеси табылган. Анын асфиксия (муунтулган) түрүндөгү зомбулуктан каза болгону аныкталган.

Окуя болгон жерге Кунцевский райондор аралык тергөө бөлүмүнүн адистери келип, Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин биринчи бөлүгү «Киши өлтүрүү» боюнча кылмыш ишин козгогон.

“Тергөөчүлөр менен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин биргелешкен ишинин аркасында Москванын батышында таксистти өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Анын жанынан жабырлануучунун банк картасы табылган”, — деп айтылат маалыматта. 

Бул кылмыш боюнча Москванын тергөө комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 105 (каракчылык менен байланышкан адам өлтүрүү) –беренеси боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Козголгон кылмыш иштин алкагында маалым болгондой, кармалган шектүү таксист менен уруша кетип, өч алуу максатында аны муунтуп өлтүргөн. Андан кийин окуя болгон жерден качып, мурда интернет аркылуу таанышкан кыздын үйүнө барганы аныкталган.

Батирге киргенден кийин ал кызга физикалык күч колдонуп, аны өлтүрөм деп коркутуп, зордуктаган. Андан соң кызга таандык акча каражаттарын жана уюлдук телефонун уурдап, качып кеткен.

Тергөө тарабынан айыпталуучунун аракеттерине Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (каракчылык) кылмыштар боюнча жана 131-берененин 2-бөлүмү (зордуктоо) боюнча кошумча квалификация берилген.

Айыпталуучуга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, өлтүрүлгөн жаран Кыргызстандын Ош облусунда туулганы белгилүү болгон. Маркумдун артында жубайы жана үч баласы калган. Анын аялынын айтымында, күйөөсү мурда автобустун айдоочусу болуп иштеген. Сентябрь айында такси кызматына которулган. Алар Москвага Кыргызстандан көчүп келишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>