Дастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя беришти
Спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт
10.01.2023 | 17:28
Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында 23-24-январь күндөрү эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Департаменттен белгилешкендей, чемпионат улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында күрөштү популяризациялоо максатында өткөрүлүп жатат.
Мелдеш UWW эл аралык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.
Спортчулар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг салмак категорияларында күч сынашат.
Мелдештин программасы:
Башталышы: 23-январь, саат 11:00
Ачылыш аземи – 23 январь саат 17:00
Чемпионат КТРК Спорт телеканалы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз