«Акчаңарды көбөйтүп берем». Таласта шылуун эки адамды 3,8 млн сомго сызга отургузуп кеткен

«Акчаңарды көбөйтүп берем». Таласта шылуун эки адамды 3,8 млн сомго сызга отургузуп кеткен

Таласта алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, аларга 2 жаран арыз менен кайрылып, Б.А. аттуу аял акчаларын «көбөйтүп берем» деп алып, алдап кеткенин билдирген. Биринчи арыз 2020-жылы март айында, экинчиси 2022-жылы декабрда түшкөн. Алардын бири 1,7 млн сом, экинчиси 2 млн 155,5 миң сом акчасын берип, алданып калган.

Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 57 жаштагы Б.А. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бүгүн, 9-октябрда Талас шаардык сотунда анын бөгөт чарасы каралат.

Милициядан белгилешкендей, аталган аялдын үстүнөн дагы 8 адам арыз жазган. Учурда алардын арызы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Мындан улам шектүүгө алданган жарандар болсо, Талас шаардык милицияга кайрылса болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>