Аким: «Ататүрк» сейил багындагы үйлөрдү бузуу иштери соттун чечими менен жүргүзүлөт

Аким: «Ататүрк» сейил багындагы үйлөрдү бузуу иштери соттун чечими менен жүргүзүлөт

Бишкектин Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев бүгүн, 20-майда «Ататүрк» сейил багынын мурдагы аймагында салынган үйлөрүн бузууга каршы чыккан тургундар менен жолугушту.

Митингге чыккандар алар үйлөрдү мурда жерди алган ээлеринен мыйзамдуу сатып алганын, кызыл китептери бар экенин билдирди. Алар мурдагы мэрлер чыгарган чечимди жокко чыгаруу туура эмес деп эсептейт. Аталган жарандар бийликке кайрылып жеке менчик укугун коргоп берүүнү суранды.

Тургундар менен жолугушкан аким Жаныбек Орозалиев билдиргендей, мэрия алгач кызыл китепте белгиленген чектен муниципалдык жерге чыгып кеткен курулуштар буза баштайт. Мындан улам аким тургундарга кайрылып, муниципалдык жерге чыгып кеткен жарандарды мыйзамсыз курулуштарын өз ыктыяры менен алууга чакырды.

Ад эми кызыл китеби бар жарандардын үйлөрүн түрттүрүү иши соттун чечими менен жүзөгө ашарын айтты. Ал белгилегендей, мэрия аталган маселе боюнча сотко кайрылган. Эгер сот кенемте (компенсация) төлөө менен үйлөрдү бузуу чечимин чыгарса, мэрия ал чечимди аткарат.

Эскерте кетсек, буга чейин калаа башчысы Айбек Жунушалиев «Ататүрктүн» аймагынан курулуш үчүн берилип кеткен 43 гектар жерди сейил бакка кайтаруу тууралуу чечим чыгарган. Ага ылайык жеке колдорго жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылган. Мындан улам сейил бактын аймагында салынган үйлөр жана башка курулуштар бузулары кабарланган. Бузуу иштери 20-майда башталмак. Ага байланыштуу ошол аймакта жашаган тургундар үйлөрүнүн бузулушуна каршы митингге чыккан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>