Чет элдик студенттерден жылына бюджетке 12-16 миллиард сом түшөт

Чет элдик студенттерден жылына бюджетке 12-16 миллиард сом түшөт

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган чет элдик студенттерден жылына бюджетке 12-16 миллиард сом түшөт. Бул тууралуу маалыматы жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу билдирди.

Ал өлкөнүн медициналык окуу жайлары Индия, Пакистанда абройго ээ, бул көп жылдык жумуштун жыйынтыгы экенин белгиледи.

«Чет элдик студенттер үчүн университеттерде төлөм акы 3 миң доллардан жогору. Андан кем болбосун деген талап коюлган. Алар — инвесторлор. Окуу акысынан сырткары, жашоо чыгымдары, тамак-аш жана башкага акча коротушат. Өлкө бюджетине 12-16 миллиард сом түшөт», — деди министрдин орун басары.

Өлкөдө 28 миң чет элдик студент бар. Министрлер кабинети аларга 18-май түнү келтирилген чыгымдарын төлөп берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>