Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү муниципалдык цех ачылдыКыргызстанда курулуш тармагы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 69,6%га өстүКыргызстанда өзгөчө абалды киргизүүнүн негиздерин кеңейтүүнү каалашат — толугу мененОш шаарында Жолон Мамытов атындагы жаңы сейил бак ачылды14-сентябрь: Кыргызстанда +33°Cка чейин ысыйт, тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйтБишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды
Акматова: коронавируска чалдыккан эки адамдын абалы орточо оор
22.03.2020 | 18:39
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирус жуктуруп алган 14 бейтаптын абалы тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, Сузак районунда ооруну жуктуруп алган 8 адамдын ичинен эки адамдын абалы орточо оор деп бааланууда.
“Алардын дене табы 38 градуска чейин чыгып, кургак жөтөл симтомдору байкалууда. Калган 12 адамдын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бардык бейтаптарды дарылоо иштери жүргузүлүп жатат”, – деди ал.
Жалпы республикада өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 14 адам. Алардын алтоо эркек, сегизи аял. Жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар