Бишкектик айдоочулар дарыгерлерди жумушка акысыз ташып турууга даяр

Бишкектик айдоочулар дарыгерлерди жумушка акысыз ташып турууга даяр

Өлкөгө өзгөчө кырдаал режими жарыяланган соң Бишкекте коомдук таранспортторго чектөө киргизилди. Буга байланыштуу дарыгерлердин жумушка барып келүүсүнө кабатырланган айдоочулар аларды акысыз ташып турууну демилгелешүүдө.

Бул демилгени биринчиледен болуп көтөргөн журналист Улукбек Кутманбаев Reporter.kg басылмасына буларды айтып берди.

[su_quote]Маршруттук таксилер токтотулгандан кийин дарыгерлерге жумушка барып келүү кыйынчылык жаратты. Анткени, автобустар менен троллейбустар шаардын бардык жерине бара бербейт. Ушул маселени чечүү максатында мен айдоочуларга чакырык таштап, дарыгерлерди эртең менен жумушка, кечинде үйүнө жеткирип турууну сунуш кылгам.[/su_quote]

Кутманбаевдин айтымында, бул демилгени такси кызматында иштеген айдоочулар жана айрым тургундар колдоого алган. Ошондой эле ал дарыгерлерди жумушка жеткирип жана алып кетип турууну өз мисалы менен төмөндөгүчө түшүндүрүп берди.

Мисалы мен Лебединовкада турам. Менин районумда жашаган дарыгердин бирөөсүн жумушуна такай алып келип, алып кетүү милдетин өзүмө алам. Башка айдоочулар дагы өздөрүнө ыңгайлуу жактан бирден дарыгерди жеткирип турууну колго алса. Бул демилгени такси кызматында иштеген адамдар колдоп, 60га жакын адам даяр турат.

Ал  бул маселе менен коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын төрагасы, Саламаттык сактоо министиринин орун басары Төлө Исаковго да киргенин кошумчалады.

Алар бул демилгени колдоого алышты, бирок беткап ж.б. каражатар менен камсыздап бере албайбыз деп ачык эле айтышты.  Бизге эми дарыгерлердин тизмесин беришет. Тизмени алган соң биз алардын жашаган аймактарына жараша айдоочуларды бөлүштүрөбүз. Айдоочулар жетишпесе ыктыярчыларды катарыбызга чакырабыз.

Өлкөдө коронавирус илдети катталгандан бери медицина кызматкерлери күнү-түнү уктабай, бул оору менен күрөшүп жатышат.  Аларды колдоо максатында бир топ адамдар жана ишкерлер ар жардамдарды көрсөтүшүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы кырдаал калыбына келгенден кийин бардык дарыгерлердин эмгеги баалана турганын айткан.

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков 
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>