АКШ Иорданиядагы базасына жасалган чабуулдан кийин Иранга сокку урууну кайра жандандырды

30-июлга караган түнү АКШнын аскер күчтөрү Ирандын аймагына сокку урду. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдиргендей, бул бир күн мурда америкалык күчтөргө каршы жасалган ракеталык чабуул аракетине жооп болду.
АКШ Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) ондогон объектилерине, анын ичинде командалык борборлорго, ракета жана учкучсуз учуучу аппараттарды учуруучу жайларга сокку урду. CENTCOMдун маалыматына ылайык, операциянын максаты — Ирандан жана ал колдогон топтордон келип чыккан коркунучтарды азайтуу, ошондой эле америкалык аскер кызматкерлеринин, соода кемелеринин жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу.
АКШнын аскер жетекчилигинин маалыматына караганда, 28-июлда Иран Иорданиядагы америкалык аскер базасына карай бир нече баллистикалык ракета учурган. Америкалык тарап бардык ракеталар абадан тосулуп жок кылынганын билдирди. АКШнын президенти Дональд Трамп бул чабуулга жооп берилерин убада кылган.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары ракеталык сокку Кешм аралындагы турак жай кварталына тийгенин кабарлады. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, үч адам каза болгон.
Бул Трамп 24-июлда эки тараптын 13 түнгө созулган өз ара чабуулдарынан кийин соккуларды токтотконун жарыялагандан берки АКШнын Иранга каршы алгачкы аба соккулары болду. Тыныгуу учурунда Вашингтон Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга аракет кылган. Трамп соккуларды убактылуу токтотуу чечимин Жакынкы Чыгыштагы америкалык абадан коргонуу системалары үчүн ок-дарылардын запасы түгөнүп калышы мүмкүн деген кооптонуу менен да түшүндүргөн. Кийинчерээк ал АКШда дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла көп ок-дары бар экенин билдирген.
Эске салсак, 2026-жылдын июнь айында АКШ менен Иран өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюп, анда 60 күнгө согуш аракеттерин токтотуу, согушту жыйынтыктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жана Ормуз кысыгын ачуу каралган. Бирок бир айга жетпей тараптар ок атышууну токтотуу режими бузулду деген өз ара айыптоолордун фонунда кайрадан бири-бирине сокку ура башташты.