Политехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдүПашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алындыБашкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтардыРубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкууладыКыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөт
Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди
30.07.2026 | 17:38

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 30-июлда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна жана Азербайжандын президентинин катышуусунда өтө турган жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын маалыматына ылайык, иш-чара Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Маалыматка караганда, жогорку даражалуу конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Теги: Эмомали Рахмон