Американын Техас штатында рэпер Трэвис Скоттун концертинде тепсендиде каза болгондордун саны онго жетти. 9 жашар бала да ооруканадан көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Каза тапкан Эрзы Блаунттун үй-бүлөсүнүн жактоочусу өткөн жумада 9 жашар бала ооруканада мээси чайкалып, бөйрөгү менен боорунан жаракат алып жатат деп билдирген. Ал эми бүгүн ал каза тапты.
“Блоунттун үй-бүлөсү бүгүн сүйүктүү кичинекей уулун акыркы сапарга узатты. Түшүнүксүз жоготууга аза күтүүдө… Биз бул үй-бүлө үчүн жооп издеп, адилеттик издөөгө ниеттенип жатабыз” деген жактоочу.
Буга чейин Травис Скотттун концертинде 8 адам сахнанын жанындагы тыгындан каза болсо, дагы 17 киши ооруканага жеткирилген. 5-ноябрда башталган, экинчи күнү трагедиядан улам токтогон. Иш-чарага 50 миңдей көрөрман келген.