Джети-Огуздан чыккан жигит «Росатомдун» эл аралык кеңешине кантип мүчө болгон?Бишкекте «Учур» жаштар театры чыгармачылык сезонун ачатBoho Beach Bar’дан кийинки таштанды — Самат Дөөлөтбаков кырдаалга комментарий бердиОш шаарынын күнүнө жана Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өтөтАраван районунда пахта терүү иштери башталдыКаспийдеги кырсыктан аман калган жоокер ал-күчү түгөнгүчө кызматташын издеген
АКШ Кыргызстанга өсүмдүк майын көп саткан үч өлкөнүн бири болду
17.06.2024 | 16:05
2023-жылдын жыйынтыгы менен АКШ Кыргызстанга өсүмдүк майын көп саткан үч өлкөнүн бири болду. Бул тууралуу “Акчабар” жазды.
Былтыр Кыргызстан чет жактан 43,8 миң тонна суу май сатып алган. Анын басымдуу бөлүгү – 35,8 миң тоннасы Россиядан жана 7,8 миң тонна Казакстандан импорттолгон. Ал эми АКШ 110 тонна май экспорттогон.
2022-жылды карай турган болсок, анда Кыргызстанга суу майды көп саткан өлкөлөр Россия, Казакстан жана Азербайжан болгон. АКШ төртүнчү сапта турган. Бир жыл ичинде АКШнын экспорту дээрлик 3 эсеге өскөн. Ошондой эле Беларусь менен Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанга суу май сатуусун токтоткон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом