АКШ Тажикстанга учкучсуз учуучу аппараттарды берет

АКШ Тажикстанга учкучсуз учуучу аппараттарды берет

Вашингтон жакынкы эки жылдын ичинде Тажикстандын коопсуздук тармагына 60 миллион доллардан ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм билдирди.

Анын айтымында, аталган жардамдын алкагында АКШ Тажикстанга чек арадагы аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн «Puma» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарды берет. Учурда тараптар 20 миллион долларлык бул келишим боюнча макулдашууда.

Поммершайм Тажикстан үчүн Ооганстандын түндүк бөлүгүндө жайгашкан террордук топтордун коркунучу бар экенин билдирди. Ошол эле маалда элчи АКШнын Тажикстан аймагында аскердик база ачуу ниети жок экенин белгиледи.

«АКШ тажик-ооган чек арасына чек ара бекеттерин, ошондой эле Ооганстан менен чек араны кайтарган 900 чек арачыга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чек ара отрядын куруп берүүнү пландап жатат», — деп кошумчалады Поммершайм.

Расмий маалыматтарга ылайык, АКШнын өкмөтү 1992-жылдан бери Тажикстандын коргоо тармагына жардам катары 330 миллион доллардан ашык каражат берген.

АКШ элчилигинин билдирүүсүндө Вашингтон акыркы 30 жылдын ичинде коопсуздук, экономикалык өнүгүү, саламаттык сактоо, жарандык коргонуу жана билим берүү программаларынын алкагында Тажикстанга жардам катары жалпысынан 1,8 миллиард долларлык каражат бергени белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>