Бир аптада 200дөн ашык мас айдоочу кармалды

Бир аптада 200дөн ашык мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 229 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖККББнын  басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, өткөн жумада республика боюнча 17 миң 406 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Алардан:

— транспорт каражатынын айдоочулары тарабынан белгиленген ылдамдыктан ашуусу — 3 миң 378;

— тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 242;

— транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 6 миң 8;

— транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбагандыгы үчүн — 25;

— автобейбаштык — 4;

— жөө адамдардын жол эрежесин бузуусу — 1 миң 55;

— ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусуз конвертацияланган транспорт каражатын башкарганы үчүн — 111;

— жол белгилеринин, жүрүүчү бөлүктүн белгилеринин талаптарын сактабагандыгы үчүн — 5 миң 463;

— айнектери караңгылатылган транспорт каражатын айдоо үчүн — 55;

— айдоочунун мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн — 229;

— айып унаа токтотуучу жайга — 1 миң 11 унаа токтотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>