АКШда тажик жарандары ачкачылык жарыялап, өзбек мигранттары Байденди сотко берди

АКШда тажик жарандары ачкачылык жарыялап, өзбек мигранттары Байденди сотко берди

Луизиана штатына караштуу Винн шаарындагы түзөтүү борборунда кармалган тажик мигранттарынын тобу ал жактагы шартка нааразылык билдирип, ачкачылык акциясын өткөрүштү. Он күнгө созулган ачкачылык эч кандай жыйынтык берген жок.

«Озоди» радиосунун маалыматында, мигранттарды кармаган лагерде 100гө чукул тажик бар. Алар орус паспорту менен Мексикага чейин келип, ал жактан АКШга мыйзамсыз өтүшкөн.

Көптөгөн тажик мигранттары убактылуу кармоочу жайларда 4-6 айдан бери сот жараянын күтүп жатышканын айтышууда. Кошмо Штаттардагы башка түзөтүү борборлорунан айырмаланып, Луизианада иммиграциялык мыйзамдарды бузууга шектелген адамдар күрөөгө бошотулбайт.

Ал арада чек арадагы миграциялык лагерде жаткан Өзбекстандын жарандары АКШнын президентти Байденди сотко беришти.

Медианын маалыматында, алар абактагы абалга даттанып, АКШ аларды улутуна карата жээрип жатканын айтышууда. Өзбек жарандары дагы Мексика аркылуу келип, миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн абакта олтурушат.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Мексика аркылуу мыйзамсыз жол менен Америкага барган кыргыз жарандары дагы көбөйдү. АКШнын атайын кызматтарынын маалыматында, башпаанек алган кыргыздардын саны 2022-жылы дагы кескин өскөн.

Кыргызстандыктар АКШда 2022-жылы эң көп башпаанек алышкан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>