Бир жумада өлкөдө 448 мас айдоочу кармалды

Бир жумада өлкөдө 448 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда 19-25-февралда, алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 197 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

— Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 364;

— Мас абалында унаа айдагандар — 448;

— Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 40;

— Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 миң 173;

— Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3138;

— Автобейбаштык — 14;

— Ылдамдыкты ашырпы айдоо — 2 миң 854;

— Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 1;

— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 миң 179;

Жол эреже бузган айдоочулардын ичинен 1 миң 431инин унаасы айып короо жайына токтотулган.

Аталган башкармалык айдоочуларду жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>