Аксыда 5 айылды тейлеген Ак-Суу айылдык ооруканасы оңдолду

Аксыда 5 айылды тейлеген Ак-Суу айылдык ооруканасы оңдолду

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бир нече айылдарды тейлеген Ак-Суу айылдык ооруканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1975-жылы курулган Ак-Суу айылдык ооруканасы райондук борбордон 80 чакырым алыстыкта жайгашып, Ак-Суу, Жаңы-Талап, Тоо-Басты, Мазар, Ак-Сай айылдарынын элине стационардык жана клиникалык түрдө медициналык тейлөө көрсөтүп келет.

Оорукана 15 орунга ылайыкташып, төрөт, балдар жана терапия бөлүмдөрү бар. Бирок, соңку жылдары бул бөлүмдөрдүн имаратынын абалы, жылуулук, саркынды суу системасы, канализациялык түтүкчөлөрү, ошондой эле эшик-терезелери эскирип, капиталдык оңдоого муктаж болуп келген.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жөнөкөй тургундар оорукана маселесин козгошуп, аткаруу бийлигине, парламентке бир канча жылдардан бери кайрылышып, бирок натыйжа чыккан эмес.

2022-жылдын май айында эл өкүлү Гүлшаркан Култаева бул маселеге Министрлер кабинетинин көңүл буруп, капиталдык оңдоп-түзөөгө талап кылынган 6 млн сомдон ашуун акча каражатын чукул арада бөлүп берүү талабы менен протоколдук тапшырма берген. Алты айлык мөөнөттүн ичинде аталган долбоор каржыланып, жакында оорукананы капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук актады.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева оорукананы оңдоп-түзөө иштерине жакындан кол кабыш кылган бардык тараптарга, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгына ыраазычылыгын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>