Сасык тумоо күчөдү. Бишкектеги поликлиникалардын телефондору

Сасык тумоо күчөдү. Бишкектеги поликлиникалардын телефондору

Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүүдө. 2022-жылдын башынан бери бул оору менен 78 656 учур катталды, 2021-жылдын ушул мезгилинде 78 368 учур катталган.

Мэрия курч респиратордук инфекциянын белгилери бар балдар үйдө отуруп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана мектептерге барбашы керектигин белгилейт.

Сасык тумоого каршы күрөшүүнүн илимий жактан негизделген бирден-бир ыкмасы спецификалык профилактика – эмдөө.

Оорунун алгачкы белгилери байкалганда дарыгерге кайрылуу керек. Борбор калаанын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору бейтаптарды кабыл алат:

— иш күндөрү жана ишемби күндөрү саат 8:00дөн 18:00гө чейин;

— жекшемби күнү саат 8:00дөн 14:00гө чейин.

Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун реестрлеринин иш жүзүндөгү телефондору:

— №1 ҮМБ — 0312 64 45 42;

— №2 ҮМБ — 0312 21 03 57;

— №3 ҮМБ — 0312 32 52 32;

— №4 ҮМБ — 0312 43 39 07;

— №5 ҮМБ — 0312 63 51 23;

— №6 ҮМБ — 0312 57 02 84;

— № 7 ҮМБ — 0312 66 20 44;

— №8 ҮМБ — 0312 42 69 62;

— №9 ҮМБ — 0312 21 17 32;

— №10 ҮМБ — 0312 67 82 74

118 ишеним телефону саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт, ал бардык кайрылгандарга кеңеш берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>