Аксыда адамдардын уулануусу боюнча кылмыш иши козголду

Аксыда адамдардын уулануусу боюнча кылмыш иши козголду

Аксыда адамдардын уулануусу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-март күнү таңкы 07:15тер чамасында милиция бөлүмүнө Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери кайрылып, Кара-Суу айыл аймагынын 3 тургуну оор абалда, болжолдуу диагнозу “Уулануу” (Отравления) менен жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирген.

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана ыкчам — тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тактоо иштерин жүргүзгөн.

Алдын ала алынган маалымат боюнча 2-март күнү саат 14:00дөр чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-ж.т Э.Б. аттуу тургуну буюрутма берип жакын туугандарына 23-февраль жана 8-мартка карата майрамдык кылып берүү үчүн 15 чакты адамды чакырган.

Ал жерге 19 адам барып, тамак тартылган жана спирт ичимдиктери ичилген. Болжол менен саат 16:30дарда тарап кетишкен. Эртеси, 3-март күнү болжол менен 23:00дөр чамасында ашкагана барган адамдардан алтоо Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан жеткирилип, ал жерден алдын ала биринчи жардам көрсөтүлүп, абалдары оор болгондуктан жолдомо менен Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн.

Алардын үчөө жолдо, үчөө ооруканага келген соң каза болушкан. Алар:

  1. 1967-ж.т Ч.О. (эркек киши)
  2. 1968-ж.т. Ж.К. (эркек киши)
  3. 1968-ж.т Ч.М. (эркек киши)
  4. 1952-ж.т. Р.А. (аял)
  5. 1970-ж.т. М.Г. (аял)
  6. 1959-ж.т. Ш.Т. (аял)

Бул факты бүгүн, 4-мартта Жазык кодексинин 280-беренеси (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>