Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
“Кыргызалтынга” жетекчи болуп Маратбек Чолпонкулов дайындалды
04.03.2021 | 16:21
Маратбек Чолпонкулов “Кыргызалтын” ААКнын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө таянсак, Чолпонкуловду “Кыргызалтындын” директорлор кеңеши тандап алган.
“Кыргызалтындын” буга чейинки төрагасы Эльмырза Үкүбаев пара талап кылууга жана пара алууга шектелип кармалган.
Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович — 1962-жылы 28-августта туулган. Билими жогорку. 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтунун тоо иштерин автоматташтыруу жана электрлештирүү факультетин “тоо инженер-электриги” адистиги боюнча аяктаган.