Жанарбектин өлүмү: Шектүүлөр кыйноого кабылганын билдирди, милиция төгүндөөдө

Жанарбектин өлүмү: Шектүүлөр кыйноого кабылганын билдирди, милиция төгүндөөдө

Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз жоголуп, киши колдуу болгон Жанарбек Кенжебек уулунун өлүмүнө шектүү катары кармалган үч жаран (Д.А., Р.Д., Р.Ю.) кыйноого кабылганын билдирди. Милиция бул маалыматты төгүндөөдө.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришкендей, Д.А., Р.Д., Р.Ю. аттуу жарандар (шектүү катары кармалгандар — ред.) Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын билдирип, аларга арыз менен кайрылышкан.

Д.А. аттуу жарандын айтымында, 20-июлда аны кызматкерлер райондук милиция бөлүмүнө алып келип, иш бөлмөлөрдүн биринде кылмышты мойнуна алдыруу үчүн ур-тепкиге алып, уксус бар баштыкты башына кийгизип кыйнаган. Кыйноолор түнкү саат 23:00дон таңкы саат 04:00го чейин уланган.

Маалыматка караганда, 27-июлда аталган борбордун кызматкерлери Сокулук районундагы убактылуу кармоочу жайга барып, Д.А.нын денесинде ур-тепкинин издери бар экенин каттап алышкан.

Ошондой эле, Р.Д., Р.Ю. аттуу жарандардын арызына ылайык, 20-июлда алар милицияга чакырылып, райондук бөлүмгө келгенде, милиция кызматкерлери ур-тепкиге алып, уксус бар баштыкты баштарына кийгизген. Кыйноого чыдабай Р.Д. өзүнө каршы, ал эми Р.Ю. өзүнүн инисине жана атасына каршы көрсөтмө берген.

Аталган үч жарандын арыздары УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Милиция эмне дейт?

Чүй облустук милициясы адам өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандарга милиция кызматкерлери кыйноо көрсөткөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата физикалык кысымдар көрсөтүлүп, ур-токмокко алынган деген билдирүү чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан билдиришкендей, аталган үч адам (35 жаштагы Р.Ю., 30 жаштагы Р.Д. жана 58 жаштагы Д.А.) Сокулук районунун Чат-Көл айылында 33 жаштагы Ж.К. (Жанарбек Кенжебек уулу) аттуу жаранды мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип кармалган.

«Бул жарандардын жогорудагы оор кылмышка катышы бар экендиги тергөө жүрүшүндө алынган далил заттар жана башка иш материалдары менен тастыкталган. Ошол себептен айыпталуучулардын милиция кызматкерлери тарабынан физикалык же моралдык кысым көрсөтүү жолу менен күнөөнү моюнга алдырды деген билдирүүлөрү коомчулукту адаштыруу жана алардын жасаган кылмыштын жоопкерчилигинен качуу аракети болуп эсептелет», — деп билдирет милиция.

Эскерте кетсек, быйыл 22-июлда Чүйдүн Чат-Көл айылынын 33 жаштагы тургуну Жанарбек Кенжебек уулу дайынсыз жоголуп, кийинчерээк киши колдуу болгону аныкталган.

Милициянын маалыматы боюнча, маркумдун унаасы айылдын кире беришинен табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, дайынсыз жоголгон күнү Жанарбек Кенжебек уулу мурда карызга акча алып, кайтарып бербей жүргөн «Ю» аттуу айылдашына кеткени белгилүү болгон.

«24-июлда Сокулук райондук милициянын кызматкерлери жүргүзгөн иш-чараларынын жүрүшүндө, Чат-Көл айылынын тургундары — 35 жаштагы Р.Ю., 30 жаштагы Р.Д жана 58 жаштагы Д.А. аттуу жарандар К.Ж.ны (Жанарбек Кенжебек уулу – ред.) өлтүргөндүгү жана денесин Чат-Көл айылынын четиндеги жерге, таштандылардын арасына жашырып койгондугу такталып, окуя болгон жерден кынтыксыз болгон далил буюмдар алынган», — деп билдирет милиция.

Милициянын маалыматы боюнча, алардын кызматкерлери жетиштүү далилдерди көрсөткөндөн кийин 35 жаштагы Р.Ю. кылмышты жасаганын мойнуна алып, иниси жана өгөй атасы менен бирге маркумдун сөөгүн жашырып койгон жерди көрсөткөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Карызын алганы кеткен. Дайынсыз болгон жарандын өлүмүнүн чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>