Аксыда сайлуу ок атуучу курал октору менен алынды

Аксыда сайлуу ок атуучу курал октору менен алынды

Аксыда мыйзамсыз сакталып жүргөн сайлуу ок атуучу курал октору менен алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында Жалал-Абад областынын аймагында “С” аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалыматтар алынган. Алынган маалымат Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө тапшырмасынын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Аксы районунун 34 жаштагы У.М. аттуу тургуну мыйзамсыз сактап жүргөн 7,62 калибрлүү “Сайга карабин” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы 20 даана огу менен алынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>