Жаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя бергенТажикстанда ЖККУнун атайын бөлүктөрүнүн «Кобальт-2026» машыгуусу өтөтЧума: Саламаттык сактоо министрлиги оорунун белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу айтып берди
Covid-19: Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды
08.10.2021 | 10:15
Бишкекте No67 мектепте коронавирустун үч учуру тастыкталып, бир жумалык карантинге жабылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге борбордун вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
«Бул мектепте эки бала жана дене тарбия мугалими ооруп калышты. Эрежеге ылайык, эгер билим берүү мекемесинде экиден ашык учур аныкталса, мектеп карантинге алынышы керек. Вирусту жуктурган окуучулардын бири үйүндө ооруп жаткан адам менен байланышта болгон.
Эгерде ата -энелерге балдар инфекция жуккан адамдар менен байланышта болсо, аларды мектепке алып келбөө керектигин эскерттик. Азыр бүт мекеме карантинге жабылды», – деди ал.
Өлкө аймагында бүгүнкү күнгө чейин жалпы – 179 миң 120 адамга коронавирус жуккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом