Активист Адилет Балтабайдын жубайы: Сын пикири үчүн камалганы адилетсиздик (маек)

Активист Адилет Балтабайдын жубайы: Сын пикири үчүн камалганы адилетсиздик (маек)

Блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип, камакка алынган. Ал 30-июнда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалып,  милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык уюштуруу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

27-июлда сот анын камак мөөнөтүн 29-августка чейин узарткан. Reporter.kg басылмасынын кабарчысы Адилет Балтабай деген ат менен таанымал жарандык активисттин жубайы Гүлкайыр Жапарова менен маектешти.

— Адилет Али Мыктыбек массалык башаламандыкка чакырык жасаган деп шектелип жатат. Коюлуп жаткан күнөөнү канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

— Эч кандай негиздүү деп ойлобойм. Ал фейсбукка жарыялаган посту үчүн кармалды. Биринчиден, ал жерде “жүргүлө, бийликти басып алабыз” деген сөз болгон эмес. Экспертизага өздөрүнө керектүү контексттерди кесип алып беришкен. Эксперттер “массалык башаламандыкка чакырык жасаганга үндөшүп турат, тереңинде ошондой сөз жатат” деген тыянак чыгарып берген. Болбосо, эч кандай ачык чакырык жок. Анын бийликти басып алайын, кызматка барайын же башаламандык кылайын деген ою жок болчу.

— Сиздер өз алдынча экспертиза жүргүзүп көрдүңүздөрбү? 

— Биз өз алдынча экспертиза жүргүзүү үчүн тергөөчүдөн материалдарды ала албай жатабыз. Көз карандысыз экпертиза жасап, күнөөлүү эмес экенин далилдейли дегенбиз. Бирок жактоочуларга андай мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Тергөөчү бизге белгисиз себептер менен – балким, себеби бардыр, бизге белгисиз – материалдарды бизге бербей жатат. 29-августта өтө турган отурумга чейин көз карандысыз экспертиза жасап, даярдап коелу деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, материалдарды ала албай жатабыз.

— Адилет мырзанын камалышы боюнча апасы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган эле. Алардын бул ишти көзөмөлүнө алып, жардам берерине ишенесизби?

— Көзөмөлгө алат деп ойлойбуз. Үй-бүлөбүз, апабыз өлкө башында турган адамдарга жолугуп, жеткирели, түшүндүрөлү деп аракет кылдык. Бирок майнап чыккан жок, жолуга алган жокпуз. Адилеттин камакта отуруп, президентке жолдогон каты бар. Анда постторду эмне себептен жазгандыгын түшүндүргөн. Биз ал катты социалдык тармактарга чыгарганбыз. Үй-бүлөбүз менен өлкө башчыларына көзмө-көз жолугуп, түшүндүрсөк жакшы болмок. Жолугушууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Ошондуктан менин айтып жаткан сөздөрүм өлкө башчысына жетип калса, билимдүү, эки-үч жогорку окуу жайды бүткөн, бир нече тил билген, өзүнүн оюн эркин айткан, өлкөбүздөгү ушундай жигиттердин жазган ойлорун туура түшүнүү менен кабыл алып, балким кээ бир жеринде ашыкча кетип калса, түшүндүрүү иштери менен чектелсе жакшы болмок. Себеби ал түшүнө турган адам. Өлкө башчыларынан үй-бүлөбүз менен колдоо күтөбүз, бул ишке көз салып турат деп ойлойбуз.

— Жолдошуңуз 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылат деп жатышат. Бул боюнча оюңуз кандай? 

— Эгер ошондой чечим чыгарылса, мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнөн, мыйзамдын мыйзамдуулугунан түңүлө берсек болот. Эч күнөөсү жок, кылмыш кылбаган адамды камоо туура эмес. Анткени ал, социалдык тармакка оюн ачык жазганы менен аны эч ким ээрчиген жок. Мисалы, бир адамга кой уурдайм деген ой келсе, ошон үчүн эле соттоп жиберген болбойт да. Анын жыйынтыгы болушу керек эмеспи. Ошол койду уурдап, союп жеп алгандан кийин соттош керек. Сын пикирин айтып койгону үчүн 5 жылдан 8 жылга чейин камаса, өтө акыйкатсыздык болот. Буга кыргызстандыктар дагы кайдыгер карабаса керек. Биз адилеттүү чечим чыгат деп үмүттөнөбүз.

— Адилет мырзанын акыркы жолу кумарканалардын ачылышына каршы чыгып жүргөнүн көрдүк эле?

— Негизи Адилетке иш 2021-жылдын аягында эле ачылган экен. Ошондон бери посттору укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнүп, суракка чакырганда барып турчу. Бизге “суракка бардым, жазгандарымдын себебин түшүндүрдүм, чакырык таштады дегендерге макул эместигимди айттым” деп айтып берчү.

Кумарканаларга бир эле Адилет эмес, көпчүлүк кыргызстандыктар каршы экендиктерин билдиришти. Адилет да четте карап турган жок. Күйүп-бышып “келечекте эмне деген тагдыр болот, үй-бүлөлөрдө трагедиялар көп болуп, ошонун аркасында коом бузулат” деген сыяктуу ойлор ага да тынчтык берген жок Кайдыгер эмес жарандар менен “нааразычылык билдирели, өкмөткө үнүбүздү жеткирели” деп чыкканы чын. 29-июнда акция уюштуруп, өкмөт үйүнүн алдында өткөн акцияга чыккан. Ошол эле күнү кечинде Адилетти суракка чакырып, 1-июль күнү эртең менен үйдөн алып кетип, камап коюшту.

— Сот иштерине катышканда эмоцияга алдырбай, ишке күбө болуу оор болсо керек?

— Ооба, оор болот экен. Адилет өзү принципиалдуу, сабырдуу адам. Адилетти апасы ошентип тарбиялаган. Апам да (кайын энеси) кайраттуу адам. Чогуу жашагандан кийин кулк-мүнөз бири-бирине жугат дейт эмеспи. Айла жок, уурулук кылбаган, киши өлтүрбөгөн, оор кылмыш кылбаган жолдошумду колуна кишен салып, сүйрөп бара жатса, энесинин, үй-бүлөсүнүн, менин – баарыбыздын жүрөгүбүз эзилди. Бирок ал жерде ыйлап-чырылдагандан майнап чыкпайт. Ошол себептен эмоцияга алдырбаганга туура келет.

— Апасынын ден соолугу кандай, ага оор болгон жокпу?

— Апамдын кан басымы жогору болчу. Адилеттүүлүк издеп, ар кайсы жерге кайрылуудабыз. Күндүз басып жүрүп, кечинде кыйналып калууда.

Жолдошумду таенеси багып чоңойткон. Ал фейсбукка Токтогулда таенесинин колунда чоңойгонун байма-бай жазып турчу. Таенеси онкологиялык оору менен төшөктө жатат. Небересинин камалганын уккан. Ага да кейип, кайгырып жатат. Ал кишинин акыбалы оор.

— Адилет мырзаны биз жарандык позициясы күчтүү жаран катары билебиз, сиз мүнөзүн кандай баяндайт элеңиз?

— Ал өтө чынчыл, калп айтпайт. Экөөбүз бир кызды тарбиялайбыз. Үйдө дагы бардыгыбызга чын сүйлөгүлө деп турат, эч кандай жасалмалуулугу жок адам. Ошон үчүн коомчулукта болуп жаткан тескери, туура эмес нерселерди көрүп калса, чыдабай оюндагысын айтып, коомчулукка өзүн жарандык активист катары көрсөттү.

— Бул иштин акыйкат караларына ишенесизби?

— Албетте, ишенем. Себеби бийликтегилер, укук коргоо органдары деле ишти тыкыр иликтеп, акырында адилеттүүлүк болот деп үмүттөнөм. Коюлуп жаткан күнөөлөрдүн баары тең туура эмес болгону айгинеленип, жолдошум жакынкы күндөрү акталып чыгарына толук ишенем.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>