Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Аквапарктагы окуучунун өлүмү: Мэрия комиссия түздү
06.06.2022 | 16:42
Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында окуучу сууга чөгүп кетти.
Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, №95 мектептин башталгыч классынын окуучулары ата-энелери менен бирге бассейнге барышкан. Сууга түшүп жаткан учурда бир окуучу чөгүп кеткен.
“Учурда Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, ага райондук билим берүү бөлүмүнүн, акимиаттын жана профсоюздук комитетинин өкүлдөрү киришти. Комиссия аталган окуяны териштирип, мектептин кызматкерлеринин жоопкерчилигинин деңгээлин аныкташат”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом