Акыйкатчы: 2 жашар бала энесине кайтарылды

Акыйкатчы: 2 жашар бала энесине кайтарылды

Энеге 2 жашы жете элек баласын кайтартып бердик. Бул туурасында Акыйкатчы Атыр Абдырахматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтканына караганда,  Акыйкатчы институтуна Кыргызстандын жараны А.К. кайрылып, кайненеси ага билдирбестен жана макулдугусуз жашы жете элек балдарын алып кеткендигин билдирген.

8-июнь күнү  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын өкүлүнүн катышуусунда А.К.нын жашы жете элек балдардын иши боюнча комиссиянын жыйыны болуп, анын чечими менен балдар Бишкек шаарынын мэриясынын Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылган.

Ошондой эле, бул маселени кароодо  22-июнь күнү Акыйкатчы институту тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык муниципалдык башкармалыгынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын (КДБ) төрайымы А.Ж. Рыспаевага талап жолдонуп, ага ылайык Комиссияга төмөнкү сунуштар Акыйкатчы институту тарабынан берилген:

– А.К.нын жашы жете элек балдарына альтернативдүү психологиялык экспертиза жүргүзүү;

— балдарды мыйзамдуу өкүлүнө — энесине кайтарып берүү;

— жаран А.К.нын жана анын балдарын жашаган жери боюнча учётко алуу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>