Чоң-Алайда 3 жашар баланын тай жагы дайым сабап турганы ачыкталды

Чоң-Алайда 3 жашар баланын тай жагы дайым сабап турганы ачыкталды

Балдарды коргоо Лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Чоң-Алайдан 3 жашар баланы тай жагы дайым сабап турганы боюнча маалымат келгенин айтып, акыйкатчы  Атыр Абдрахматовага жана президент Садыр Жапаровго кайрылып иликтөө жүргүзүп, болгон окуяга юридикалык баа берип, жазага тартуу керектигин Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

 “Мага Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылында үч жашар баланы үй-бүлөнүн тууганы сабап салганы тууралуу маалымат түштү. Бул фактыны аныктап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранам. Ата-энеси ажырашып кеткен, баланын апасы Бишкекке иштегени кеткен. Бала бир тууганынын колунда калган.  Алдын ала маалымат боюнча,  таекеси аны дайым сабап турган, денесинде дагы күйүгү бар” – деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле миңдеген мигранттардын балдары кордолуп жатканын айтып, бийликти Балдарды коргоо боюнча жаңы кодексти кабыл алууга үндөдү. Эгер ал кодекс кабыл алына турган болсо эне-аталары жакындарына нотраиус аркылуу милдеттери күбөлүндүрүлөөрүн кошумчалады Турдубекова.

Тэги: Чоң-Алай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>