Дээрлик үч жылдан кийин: Ми-8дин кыйрашы боюнча эки аскер кызматкери камаккаалындыКыргызстандын вице-премьеринин мурдагы кеңешчиси алдамчылык иши боюнча камакка алындыТатьяна Ким 20 жыл иштегенден кийин Wildberries башчысы кызматынан кетти — эмнелер белгилүүБанктар сентябрда курулушка 12,3 миллиард сомдук насыя бердиАмирдин өлүмү. Бишкекте Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун мурдагы башчысы камакка алынды1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты
Акыйкатчы Ала-Букадагы 5 жашар кыздын ыдык көргөн видеосун таратпоону өтүндү
15.07.2022 | 16:37
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ала-Бука районунда сексуалдык ыдыкка кабылган беш жашар кыздын окуясына байланыштуу тергөөчүнүн колундагы видео социалдык тармактарга тарап кеткенин билдирди.
«Азыр мага ыкчам маалымат келди, бул окуя боюнча тергөөчүнүн гана колунда турган видео соцтармактарга тарап кетиптир. Сураныч, бул видеону жаңылык кылбаңыздар, соцтармактарда таркатпаңыздар. Баланын укуктарын коргошубуз керек», — деди ал Фейсбуктагы баракчасында.
Буга чейин Ала-Бука районунда кичинекей кызга ыплас аракеттерди жасаган деп шектелген адам камакка алынганы маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом