Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Акыйкатчы Ала-Букадагы 5 жашар кыздын ыдык көргөн видеосун таратпоону өтүндү
15.07.2022 | 16:37
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ала-Бука районунда сексуалдык ыдыкка кабылган беш жашар кыздын окуясына байланыштуу тергөөчүнүн колундагы видео социалдык тармактарга тарап кеткенин билдирди.
«Азыр мага ыкчам маалымат келди, бул окуя боюнча тергөөчүнүн гана колунда турган видео соцтармактарга тарап кетиптир. Сураныч, бул видеону жаңылык кылбаңыздар, соцтармактарда таркатпаңыздар. Баланын укуктарын коргошубуз керек», — деди ал Фейсбуктагы баракчасында.
Буга чейин Ала-Бука районунда кичинекей кызга ыплас аракеттерди жасаган деп шектелген адам камакка алынганы маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом