Ошто дайынсыз жоголгон 71 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Ошто дайынсыз жоголгон 71 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Ошто дайынсыз жоголгон 71 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

12-январь күнү Гүлчө айылынын тургуну 71 жаштагы Бактыгүл Усонова аттуу аял киши үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгону кабарланган.

Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан. Жарандын жоголгону тиешелүү кызматка маалым болгондон тарта алгач, Алай райондук 68 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, издөө иши жүргөн.

Жаранды издөө иштери тынымсыз уланып, бүгүн да жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылып, саат 11:10до дайынсыз жоголгон аял кишинин жансыз денеси суудан табылды.

Каза тапкан маркумдун денеси куткаруучулар тарабынан ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алайдан 71 жаштагы Бактыгүл Усонова жоголуп кетти

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>