Акыйкатчы кызматына Абдырахматованын талапкерлигин үч фракция колдоодо

Акыйкатчы кызматына Абдырахматованын талапкерлигин үч фракция колдоодо

«Ата Журт Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөтүүдө. Мындай чечим фракциянын жыйынында кабыл алынды.

Депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, Абдырахматованын талапкерлиги Конституциялык мыйзамдар комитетине жөнөтүлдү.

Атыр Абдрахматованын талапкерлигин «Ишеним», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ынтымак» фракциялары да колдоду.

«Мен бардык фракцияларга кайрылдым, азырынча үчөө колдоду. Фракциялар үч талапкерге чейин көрсөтүүгө укуктуу. «Ишеним», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ынтымак» партиялары акыйкатчы кызматына мени гана сунуштап жатышат», — деди Атыр Абдрахматова.

Мындан тышкары акыйкатчы кызматына Баткен облусунун мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиев да ат салышууда. Аны «Альянс» фракциясы көрсөткөн.

Мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов 2021-жылдын 18-октябрында парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматынан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>