Акыйкатчы президентке жарандардын укугу жана эркиндиги тууралуу маалымат берди

Акыйкатчы президентке жарандардын укугу жана эркиндиги тууралуу маалымат берди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда,  акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо системасы, укук коргоо институтунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү чаралары талкууланган.

Акыйкатчы жарандардын укуктарын жана эркиндигин бузуу фактыларын, кайрылууларын кароо жана текшерүү, алардын укугун калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Токон Мамытовдун айтымында, кайрылуулардын көпчүлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгүнө, турак-жай маселелерине, медициналык, билим берүү жана башка тармактарда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына байланыштуу.

Токон Мамытов кошумчалагандай, “Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жөнүндө”Акыйкатчынын жылдык доклады даярдалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>