Бишкектеги Ататүрк паркына жүздү таануу системасы орнотулатКыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана ЕЭК санэпидкөзөмөл тармагындагы кызматташтыкты талкуулаштыКРСУ тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү аземи кандай өттү?«Биз тобокелге салууну чечтик»: Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолун ачтыМассалык баш аламандыкка чакырык жасаган Threads тармагынын дагы бир колдонуучусу кармалды26-июль: Кыргызстанда +37°Cге чейин ысыйт, айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Транспорт министрлигинин кызматкерлеринин айлык акысы канча экени айтылды
07.02.2020 | 16:06
2019 -жылы транспорт жана жол министрлигине 36 жаңы кызматкер келип, 35 жумушчу бошотулган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Борбордук аппаратка 27 жаңы кызматкер дайындалып, кайра 27 жумушчу кызматынан бошотулган. Ведомстволук бөлүмгө 9 кызматкер жумушка алынып, 8 – жумушчу кызмат ордунан бошотулган.
«2019 – жылы 12 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Анын ичинен, 8 эскертүү алынган», – деп жазылат маалыматта.
Транспорт министрлигинин кызматкерлеринин айлык акысынын орточо суммасы 8 миң сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика