Кыргызстан менен Грузиянын парламент төрагалары Бишкекте алгачкы жолу жолугуштуӨкмөт айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө киргизилген тыюуну алып салдыБишкекте Жедигер Саалаевдин «Кошой Закым» роман-эпосунун бет ачары өтөтСузак районунда таштанды төгүлгөнү үчүн эки мектепке 34 миң сом айып салындыКыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте шоу-концерт өттүБишкектин үч конушунда 5-ноябрда таза суу убактылуу өчүрүлөт
Акылбек Эшимов 2 айга камакка алынды
13.09.2021 | 15:44
Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарганын аталган мекемеден билдиришти.
Берилген маалыматка караганда, бөгөт чарасы каралып, 11-ноябрга чейин камакка алынды.
Ал Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси (“Ири өлчөмдөгү алдамчылык”) менен шек саналып УКМК тарабынан камакка алынган. БШК мүчөсүнө “Кыргызстан” партиясынын “А.Д,” аттуу мүчөсү 550 миң долларды аталган партиянын алдыңкы бешинчи тизмесине киргизүү үчүн берген. Анын 300 миң долларын Эшимов ээсине кайтарып, калган 250 миң долларын бербей койгон.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. “Кыргызстан” партиясы да өтүп, шайлоо кайра жокко чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат