Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
Бишкек – Нарын – Торугарт жолу бир тараптуу ачылды
19.03.2022 | 14:07
19-мартта болжол менен саат 12: 00дөн тарта Бишкек – Нарын – Торугарт жолу бир тараптуу ачылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, учурда унаа жолду кеңейтүү иштери аткарылууда. Ал эми Нарын тарабына түшкөн көчкүнүн болжол менен 32 300 м3 көлөмү тазаланды. Кар көчкүнү 12 жүктөөгүч, 1 кар түртүүчү унаасы, 3 эксковатор тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
“УРМАТТУУ ЖАРАНДАР! Жаап жаткан жамгырга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу зарылчылык жок болсо, алыскы жолго чыгуудан баш тартууга чакырабыз. Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт”- деп министрлик эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар