Акылбек Жапаровго Бишкек ЖЭБди жаңылоонун 4 варианты сунушталды

Акылбек Жапаровго Бишкек ЖЭБди жаңылоонун 4 варианты сунушталды

Энергетика министрлигинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоо жана модернизациялоо маселелерин талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Алсак, жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын ЖЭБин алдыдагы модернизациялоонун 4 вариантынын презентациясы сунушталды.

ЖЭБдин энергоблокторунун учурдагы абалы физикалык эскирүү менен мүнөздөлүп, заманбап техникалык чечимдерди талап кылаары айтылды.

Презентацияны талкуулап жатып, Минкаб башчысы ЖЭБти модернизациялоодо атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтууга багытталган долбоорлорго көңүл буруу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, ал Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо тутумун децентрализациялоону эске алуу менен жергиликтүү ЖЭБтерди жана отканаларды курууну эске алуу зарылчылыгын баса белгиледи.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы ар бир жеке долбоор боюнча экономикалык эсептөөлөрдү көрсөтүүнү тапшырып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>