Бишкекте экинчи бейтаптын бөйрөгүнө акысыз операция жасалат

Бишкекте экинчи бейтаптын бөйрөгүнө акысыз операция жасалат

Бүгүн, 12-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ушул жуманын аягында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөгүн алмаштыруу операциясы жасала турган бейтаптардан кабар алды.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, 34 жаштагы бейтапка орган алмаштыруу операциясы жасалат.

Оорулуу өнөкөт гломерулонефриттин кесепетинен бөйрөктүн өнөкөт оорусуна каршы программалык гемодиализ алып келген. Ага бейтаптын 32 жаштагы биртууганы донор болот.

Дарыгерлер министрге билдиришкендей, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Алар трансплантология бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, операцияга чейинки тиешелүү даярдыктан өтүшөт.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-февралында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи жолу бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган.

Кыргызстанда муктаж жарандарга бөйрөк алмаштыруу акысыз жасалат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>