30-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска жетип, айрым жерлерде жаан жаайт«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайт
Акыркы суткада илдеттен 4 адам каза болду
08.12.2020 | 12:51
Акыркы суткада 295 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 68, Ош – 10, Чүй облусу – 87, Ош облусу – 13, Талас облусу – 8, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 56, Жалал-Абад облусу – 34, Баткен облусу – 15.
Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 75 миң 690 адамга коронавирус жуккан, анын 67 миң 873ү сакайды.
Ал эми соңку суткада 4 адам вирустан каза болду. Илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 301гө жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом