Өзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттү
Эми кыргызстандыктар 60тан ашык өлкөдө QR аркылуу төлөм жүргүзө алышат
26.05.2026 | 12:00

Улуттук банк Кыргызстандын жарандары үчүн эл аралык QR-төлөмдөр кызматы ишке киргизилгенин жарыялады. Жаңы кызмат колдонуучуларга чет өлкөлөрдө кошумча тиркемелерди орнотпостон төлөм жүргүзүүгө шарт түзөт.
Эми «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө жана аймактарында Alipay+ бирдиктүү QR төлөм инфраструктурасы аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзө алышат. Төлөмдөр тиркеме аркылуу QR-кодду сканерлөө жолу менен аткарылат.
Бул долбоор «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКы («Элкарт») менен Alipay+ платформасы биргеликте ишке ашырган. «БПБ» ЖАК Улуттук банктын туунду уюму болуп саналат.
Маалымат үчүн:
- «БПБ» ЖАК (Элкарт) — Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын оператору. Компания өлкөнүн бирдиктүү төлөм мейкиндигинин иштешин камсыз кылат жана финансы институттарын бириктирет.
- Alipay+ — Ant International тарабынан иштелип чыккан эл аралык санарип төлөмдөр платформасы. Платформа дүйнөдөгү электрондук капчыктарды жана төлөм тиркемелерин бириктирип, чет өлкөлөрдө төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Теги: Улуттук банк