Кыргызстандагы банктардын тиркемелеринде Apple Pay кызматы жеткиликтүү боло баштады

Кыргызстанда колдонуучулар банктык карталарын Apple Pay кызматына туташтыра алышат. Тиешелүү функция бир катар банктардын мобилдик тиркемелеринде пайда болду. Банктар азырынча кызматтын ишке кириши тууралуу расмий билдирүү тарата элек, бирок функция колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болуп, иштеп жатат.
Wallet тиркемеси аркылуу картаны кошууда система туташтырууга мүмкүн болгон Кыргызстандын банктарынын тизмесин көрсөтөт.
Буга чейин мамлекеттик «Элдик Банк» Apple Pay кызматын ишке киргизүүгө даярдык көрүү максатында Visa жана Mastercard карталарын алдын ала сертификациялоо жана сертификациялоо иштерин жүргүзүү боюнча тендер жарыялаган. Сатып алуунун суммасы 4 млн 921 миң 855 сомду түзүп, келишимди Франциянын SAS Fime компаниясы менен түзүү пландалган.