Аравандык фермер 28 гектар таштак жерди бакка айлантты

09.07.2026 | 13:10
Аравандык фермер 28 гектар таштак жерди бакка айлантты — Новости Кыргызстана

Араван районунун тургуну Залкарбек Кожобаев он жылдын ичинде 28 гектар таштак жерди өздөштүрүп, аны мөмөлүү бакка айлантты. Учурда бул тилкеде гиластын жана шабдалынын бир нече сорту өстүрүлүүдө.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, фермер мурда пайдаланылбай келген жерлерди өздөштүрүү үчүн жеңилдетилген насыялоо программасынан пайдаланып, тамчылатып сугаруу системасын орнотууну көздөп жатат.

Залкарбек Кожобаевдин айтымында, аны «20/80» долбоору кызыктырган. Бул долбоордун алкагында суу чарба башкармалыгы тамчылатып сугаруу системасын орнотуп берет, ал эми фермер алган кирешесинин 20%ын жыл сайын мамлекетке төлөп турат.

Азыркы учурда түшүм жергиликтүү рынокто сатылууда. Тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, түшүмдүүлүк жогорулагандан кийин фермер продукцияны экспортко чыгарууну пландаштырууда.

Айыл чарба министрлиги белгилегендей, учурда Араван районунда жүздөгөн фермерлер жеңилдетилген насыялардан пайдаланып, өстүрүлгөн продукцияны экспортко жеткирип жатышат.

Scroll to Top