Ысык-Көлдөгү теплоходдун ээсине кара түтүн үчүн айып салынды

Социалдык тармактарда «Дария» теплоходунан коюу кара түтүн чыгып жаткан видео тарагандан кийин, анын ээсине 23 миң сом айып салынды.
Текшерүүнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жүргүздү. Видеожазууну изилдөөнүн жыйынтыгында адистер атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы белгиленген ченемдерден ашып кеткенин аныкташты.
Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактысы тастыкталгандан кийин, күнөөлүү тарапка карата административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуучуга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, теплоходдун ээси менен жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Министрликтен билдиришкендей, теплоходду кийинки кароо учурунда зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышынын ченемден ашуусу аныкталган жок.