«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов чейрек финалга чыкты (видео)
21.09.2023 | 18:53
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.
Ал биринчи атаандашы норвегиялык Пер Андерс Курени далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.
Ал эми 1/8 финалда Махмудов египеттик Мохамед Захаб Кхадил менен кез келип, аны 9:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү.
Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт