Ибраим Нуракун уулу акыйкатчынын кеңешчиси болуп дайындалды

Ибраим Нуракун уулу акыйкатчынын кеңешчиси болуп дайындалды

Ибраим Нуракун уулу акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка 18-сентябрда кол коюлган.

Белгилей кетсек, Ибраим Нуркун улуу  буга чейин Жогорку соттун башчысынын кеңешчиси кызматында иштеген, көп жылдар бою Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеп келген.

Улуу Британиянын BBC телерадиоберүү корпорациясынын продюсери, атайын кабарчысы жана журналистти болуп иштеген. Ошондой эле Ибраим Нуракун уулу “Борбор Азиядагы Медиафонд” коомдук фондунун негиздөөчүсү болуп саналат, депутаттар жана мамлекеттик органдар үчүн ЖМК жана коомчулук менен байланышуу жана коммуникация боюнча тренингдерди өткөрүп келет.

“Ибраим Нуракун уулунун Жогорку Кеңеште иштеген зор тажрыйбасы, ошондой эле өлкөдөгү жагдайларга карата объективдүү көз карашы адам укуктарын коргоого багытталган Акыйкатчы институтунун өнүгүүсүнө көмөк берет”, — деп белгиледи акыйкатчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>