3-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, айрым аймактарда жаан жаайт

Бүгүн, 3-августта түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунда, ошондой эле Чүй, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жана түштүк аймактардын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт, айрым жерлерде, анын ичинде Ысык-Көлдүн акваториясында, 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24°C, күндүз +34…+39°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +4…+9°C, күндүз +26…+31°C;
- Ош облусунда түнкүсүн +21…+26°C, күндүз +34…+39°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +21…+26°C, күндүз +34…+39°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +30…+35°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +28…+33°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15°C, күндүз +29…+34°C;
- Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн +1…+6°C, күндүз +14…+19°C.
Бишкек шаарында түнкүсүн абанын температурасы +21…+23°C, күндүз +37…+39°C болот. Жаан-чачын күтүлбөйт.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн +16…+18°C, күндүз +29…+31°C болот. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
2-август күнү эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги суунун температурасы +22,6°C болду.